Эртай Искаковдун жактоочусу: Элге жардам берем деп жапа чегүүдө

Эртай Искаковдун жактоочусу: Элге жардам берем деп жапа чегүүдө

Милиция тарабынан «мыйзамсыз жол тосууга» шектелип кармалган активист Эртай Искаков суусуз отурган элге жардам берүүгө аракет кылган үчүн жапа чегүүдө. Бул тууралуу Reporter.kg’ге активисттин жактоочусу Алманбет Бексултанов билдирди.

Белгилүү болгондой, милиция Эртай Искаковду дээрлик 3 айдан бери таза суусу жок отурган Сокулуктун Селекция айылынын жана Сары-Өзөн конушунун тургундарын жол тосууга үгүттөгөн деп кармаган.

Активисттин жактоочусу Алманбет Бексултанов милиция тарабынан айтылган айыптарды четке кагып, аларды куру доомат катара баалоодо.

«Укук коргоо органдарынын билдирүүсү чындыкка дал келбейт. Эртай Искаков да өзүн «күнөөлүү эмесмин» деп эсептейт, эч кандай чакырыктарды жасаган эмес. Аталган Whatsapp тайпа мурда унаа менен суу ташылып жатканда, сууну элге тең бөлүштүрүү, координация кылуу үчүн ачылган. Эртай Искаков эч кандай чакырыктарды жасаган эмес. Мыйзам чегинде иш алып барып, элге жардам берейин деген. Азыр ошол үчүн жапа чегип жатат», — деди ал.

Анын айтымында, Эртай Искаковдун баш коргоо чарасы бүгүн саат 13:00до каралат.

Эскерте кетсек, 14-июлда саат 20:30дарда Селекция айылынын жана ага караган Сары-Өзөн конушунун тургундары 3 ай суусуз отурганын билдирип, митингге чыгышкан. Акцияга чыккан жарандар Түштүк Магистраль көчөсүн тоскон. Жерине милиция, жергиликтүү бийликтин, тиешелүү мекемелердин кызматкерлери келген. Милиция  билдиргендей, алар эл менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканда, жарандар укук коргоо кызматкерлерине таш ыргытып, жол тосууну улантышкан. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы менен 15-июлда саат 02:00до жол ачылган.

Эртеси күнү Сокулук райондук милицияга Селекция менен Сары-Өзөндүн тургундары жана активист Эртай Искаков жеткирилип, суракка алынган. Алардын арасынан 49 жаштагы Б.Б., 51 жаштагы Б.Б. аттуу жарандар жана активист Эртай Искаков 48 саатка камакка алынган.

Аталагн эки жаран «бейбаштыкка», ал эми активист «мыйзамсыз жол тосууга» шектелүүдө. Милиция билиргендей, Эртай Искаков аталган конуштардын тургундары ачкан Whatsapp тайпасында эл чечкин аракеттерди жасабаса, маселе чечилбей турганын айтып тургундарды жол жабууга чакырган. Нааразычылык акциясын соцтармактагы баракчалары аркылуу чагылдырып берерин айткан.

Таза суу жок, жол тосушкан. Милиция үч адамды кармалды, бири блогер

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>