Түндүк-Түштүк альтернативдүү унаа жолу ноябрга чейин ачылды, бирок айрым чектөөлөр бар

01.06.2026 | 13:33
Түндүк-Түштүк альтернативдүү унаа жолу

Түндүк-Түштүк альтернативдүү унаа жолу бүгүн, 1-июндан 1-ноябрга чейин убактылуу пайдаланууга берилди. Кыймыл күндүзгү убакытта, саат 06:00дөн 20:00гө чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Убактылуу каттам туристтик мезгилде негизги жолдордогу жүктөмдү азайтуу максатында ачылды. Унаалар үчүн октук басымы 11,5 тонналык салмак чектөөсү коюлган. Ал эми жолго маалымат такталары жана эскертүү системалары орнотулду.

Коопсуздукту камсыздоо үчүн учурда жолдун кооптуу тилкелеринде 3 эстакадалык көпүрө жана 2 кар көчкүдөн коргоочу галерея курулууда.

Ал эми унаа жолдогу тоннелден өтүү акысы транспорттун түрүнө жана категориясына жараша 100 сомдон 5000 сомго чейин белгиленди. Ошондой эле жолдун 153-чакырымында («Дыйкан» пункту) жана Балыкчы шаарында транспорттук көзөмөл пункттары, ошондой эле мобилдик топтор иш алып барат.

Белгилей кетсек, альтернативдүү унаа жолдун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт. Жаңы жол аркылуу Жалал-Абаддан Балыкчыга чейинки аралыкты 6 саатта басып өтүүгө болот. Буга чейин бул багыттагы жол жүрүү убактысы 13 саатты түзчү. Жолду толугу менен пайдаланууга берүү 2028-жылга пландаштырылган.

Scroll to Top