Белгилүү санжырачы Муратаалы Кыйшыков дүйнөдөн кайтты

15-май күнү кыргыздын белгилүү санжырачысы жана изилдөөчүсү Муратаалы Кыйшыков 68 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу санжырачылар кабарлады.
Муратаалы Кыйшыков 1958-жылы туулган. Ал 38 жыл бою Солто уруусунун санжырасын изилдеп, «Эштек бий» аттуу китебин жарыкка чыгарган. Ошондой эле 43 жыл бою «Чекир Саяк санжырасын» иликтеп, бул багытта өзүнчө китеп даярдаган.
Изилөөчү өз эмгектеринде Солто уруусунун түптөлүшүн XVI кылымдагы аскер башчысы Эштек бийдин доору жана кыргыз-могол согуштарындагы тарыхый окуялар менен байланыштырган. Анын эмгектери кыргыз элинин тарыхый эс тутумун сактоо жана кийинки муунга өткөрүп берүү максатын көздөгөн. Ал артына баа жеткис руханий жана тарыхый мурас калтырды.
Кыргызстандын санжырачылары маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.