Жайыт — трасса эмес: Кыргызстанда мототехника сүйүүчүлөрүнө 20 миң сомго чейин айып пул салына баштады
Кыргызстанда эндуро жана мототехникалар менен жайыттарга, ошондой эле өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына уруксатсыз чыгуу учурлары көбөйдү. Жаратылыш ресурстары министрлиги мындай хобби өлкөнүн уникалдуу экотутумуна зыян тийгизбеши керектигин баса белгиледи.
Адистер белгилегендей, жолсуз жерлерде унаа айдоо кыртыштын катмарын бузуп, малдын нормалдуу жайылышына тоскоолдук кылат жана жапайы жаныбарлардын жашоо чөйрөсүнө доо кетирет. Мындан тышкары, тоолордо жана көл жээктеринде мотоциклдердин жүрүүсү топурактын эрозиясын пайда кылып, эс алып жүргөн жарандардын коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч жаратат.
Акыркы күндөрү эле Бишкек шаарында жана Чүй облусунда ондогон мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Корукка алынган аймактарга уруксатсыз киргендиги жана жайыттарды бузгандыгы үчүн 20 000 сомго чейинки өлчөмдө айып пул салуу каралган. Рейддик иш-чаралар бүткүл республика боюнча улантылууда.