Бишкектен 200 окуучу Ысык-Көлгө лагерге жиберилди — сүрөт

Бишкектен 200 окуучу Ысык-Көлгө лагерге жиберилди — сүрөт

Бишкек шаарынан 200 окуучу Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан «Дзержинец» балдар лагерине эс алууга барышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, эс алуу мэриянын Билим берүү департаменти тарабынан жайкы мезгилде балдардын эс алуусун, реабилитациясын камсыз кылуу, жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасында укук бузуулардын жана кароосуз калгандардын алдын алуу максатында уюштурулуп, 360 бала жөнөтүлдү.

Балдар эки агымда эс алышат: биринчи агым 30-июндан 10-июлга чейин жана экинчи агым 10-июлдан 20-июлга чейин. Лагерге борбор калаадагы мектептердин биринчи агымынын 8 жаштан 15 жашка чейинки 200 окуучусу эс алууга кетишти.

«Дзержинец» жайкы лагеринде Бишкек шаарынын мектептеринде социалдык жактан корголбогон үй-бүлө категориясындагы балдар: жетим, жарым жетим, көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, ата-энеси майып балдар,  ошондой эле мыкты окуучулар, активисттер жана шаардык, эл аралык сынактардын жеңүүчүлөрү эс алышат.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>