Бензиндин баасы кескин өсүшү күтүлүүдө

Бензиндин баасы кескин өсүшү күтүлүүдө

Доллар менен мунайдын баасынын өсүшү Кыргызстандагы бензиндин наркына өз таасирин тийгизет.  Бул туурасында Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов “Акчабарга” айтып берди.

«Мындай кырдаалда так божомол болбой, өзгөрүп турат. Базарда күйүүчү май тартыш эмес. Болгону, Кыргызстандын түштүк аймагында бензинде тартыштык байкалат”, — дейт Канат Эшатов.

Ал ошондой эле бул тартыштыктын кесепеттерин да атап берди.

Орусиялык күйүүчү май ташуучулар цистерналардын жетишсиздиги кырдаалды жаратып жатканын айтышууда. Ири нефтетрейдерлерде 2-3 жумалык запастар бар, ал эми майда компаниялар болсо идиштери жок кыйынчылыктарды баштан кечирүүдө” – дейт.

Канат Эшатов ал гана эмес доллардын курсунун кечээки олку-солкусу Кыргызстандагы бензиндин баасына байланыштуу болгонун белгиледи.

«Бардык соода-алакалар доллар менен жүргүзүлөт. Демек, товарлардын наркы валюталардын баасына жараша болот. АКШ доллары  95 сомдун тегерегинде жетсе, жакын арада бензин 3-4 сомго кымбаттайт», — дейт эксперт.

Чийки мунайдын баасы күйүүчү майдын баасына да таасирин тийгизет. Бир күн мурун Brent маркасындагы баррелдин баасы 100 доллардан ашкан.

«Биз кесепеттерин дароо сезбейбиз. Балким, 3-4 жумадан кийин», — деп жыйынтыктады Ассоциациянын жетекчиси.

Белгилей кетсек, Кыргызстан 90%дан ашык күйүүчү-майлоочу майдын импортуна көз каранды. Негизги күйүүчү май ташуучу Орусия.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>