«Бизди эч ким сындыра албайт» — Садыр Жапаров «Бишкек Аренанын» ачылышында«Бишкек Аренада» стадиондун ачылышына арналган масштабдуу концерт башталдыЖаңы Зеландияда дүйнөдөгү эң оор курт-кумурсканы жок болуп кетүүдөн сактап калышты2026-жылдагы медицина боюнча Нобель сыйлыгы оптогенетиканы жаратканы үчүн ыйгарылдыКыргызстандагы ар бир мектепке ИИМдин жетекчилик курамынан кызматкер бекитилдиКыргызстандын кайсы банкы эң көп насыя берген
Бишкек: Жаңы келген мэр активисттер менен жолукпай калды (ВИДЕО )
25.02.2022 | 16:11
Бишкек шаарынын мэри Эмил Абдыкадыров жарандык активисттер менен жолукпай калды. Калаа бийлигинин имаратынын алдына келип, шаарды өнүктүрүү боюнча атайын талкуу уюштурууну көздөгөн шаардык активисттерге мэриянын басма сөз катчысы Назгүл Айдаралиева Абдыкадыровдун колу бошобой жатканын билдирди.
Ошондой эле ал, шайлоо жана ар кандай иштерге байланыштуу элдер менен жолугуп, шаарды өнүктүрүү үчүн талкууга катышууга убактысы жок болуп жатканын кошумчалады.
Ал эми жарандык активист Атай Бейшенбек уулу мэрдин чакыруусун күтөөрүн билдирди.
Буга чейин Атай Бейшенбек уулу жаңы келген мэр Эмил Абдыкадыровду шаарды өнүктүү боюнча программасын талкуулоого чакырган болчу.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат