Бишкектин «Мурас Ордо» конушунда 29-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтСадыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт
“Бешинчи канал” парламенттик статусунан ажырады
07.08.2019 | 11:10
Президент Сооронбай Жээнбеков Жабык түрдөгү “Бешинчи канал” акционердик коому боюнча мыйзамды жокко чыгарылды деп таануу жөнүндөгү” мыйзамга кол койду.
Президенттик апараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, мыйзам президент кол койгондон кийин күчүнө кирет да, телеканал парламенттик статусунан ажырайт.
Мыйзам Кыргыз Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 26-июнунда кабыл алынган.
Бюджетке ашыкча чыгым алып келүүдө деп айтылып келген “Бешинчи канал” эми сатыкка коюлат.
Адегенде КООРТ телекомпаниясы болуп иштеп келген канал 2007-жылдын 12-февралынан бери “Бешинчи канал” катары эфирге чыккан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом