“Бешинчи каналдын” кызматкерлери Рахат Сулаймановго каршы чыгууда

“Бешинчи каналдын” кызматкерлери Рахат Сулаймановго каршы чыгууда

“Бешинчи каналдын” кызматкерлери жаңы жетекчи Рахат Сулаймановго каршы бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу жасады. Бул тууралуу мекеменин кызматкерлери кабарлады.

Маалым болгондой, алар кайрылууну президент Садыр Жапаровго, премьер-министр Улукбек Мариповго, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакировго, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиевге жолдогон.

Алардын айтымында, жетекчиликке 4 ай мурун дайындалган Рахат Сулайманов айлык акыны алгач айтылгандан алда канча көп суммага кыскарткан, аны кызматкерлер маяна алганда гана билишкен. Ошол эле учурда жетекчи жаңы кызмат орундарын ачып, негизсиз айлык коюп берген.

Ошондой эле Сулайманов жетекчи болуп келгенден кийин каналдагы эл көп көргөн программаларды себепсиз токтотуп, айрым берүүлөрдү кыскартканы айтылат.

Мындан улам, каналдын бир топ кызматкерлери иш таштайбыз деп жатканы жана жетекчиге сын айткан кызматкерлерге психологиялык басым жасоо менен түшүнүк кат жаздыруу ыкмасын колдонуп жатканы кабарланат.

Төмөндө кайрылууну толугу менен беребиз:

Урматтуу эл жакшылары, өлкөбүздөгү белгилүү мамлекеттик телеканалдардын бири – «Бешинчи канал» республикабыздын коомдук-саясий турмушундагы окуяларды болгонун болгондой чагылдырып, каналдын эмгек жамааты мамлекеттик саясатты колдоо менен өлкөнүн ар тараптуу өсүп-өнүгүүсү үчүн колдон келген салымыбызды кошуп келатабыз. Аны менен катар коррупцияга каршы күрөшүү саясатын колдоп, ар кандай мыйзамсыз аракеттерди ашкерелеген берүүлөрдү даярдап, укугу бузулган жарандардын муң-зарын коомчулукка жеткирип жүрөбүз. Бирок акыркы айларда өзүбүздүн конституциялык укуктарыбыз бузулгандыктан, акыйкаттык издеп, сиздерге кайрылууга аргасыз болуп отурабыз.

Бизге буга чейин жыл сайын мамлекеттик бюджеттен 20 миллион сом бөлүнүп келген. Бирок ал акча кызматкерлердин эмгек акысы үчүн бир жылга толук жетпей, калганы кошумча булактардан жабылчу. Быйыл жыл башында өкмөт тараптан бир жылга бөлүнгөн акчаны үнөмдөп жеткирүү менен оптимизация жасоо талабы коюлган. Ошол кездеги жетекчибиз Эрнис Кыязов коллективге бул үчүн штаттык кыскартууга баруу, же бардык кызматкерлердин айлыгынан 10-20 пайыз кыскартууну сунуштап, жалпы жамаат эч кимди кетирбей эле эмгек акыдан кыскартууга макул болгон.

Бул долбоор даярдалып, тиешелүү тараптарга сунушталып жаткан учурда жетекчибиз алмашып кетип, Эрнис Кыязовдун ордуна Рахат Сулайманов башкы директорлукка дайындалды. Бирок жаңы келген жетекчибиз коллектив менен макулдашпай, эч кимге жарыялабай туруп, оптимизация долбоорун бекитип салганын, көпчүлүк кызматкерлер айлыгы алгач айтылгандан көп суммага кыскарып кеткенин маяна алганда гана билип отурат. Муну менен эле токтоп калбай, Рахат Сулайманов кайра экинчи жолу оптимизация жасап, айлыктар дагы кыскарат. Андан бир канча кызматкердин маянасы 30-40 пайызга азайып кеткен. Эки кыскартуу тең кызматкерлерге суммасын айтпай кол койдуруп алуу менен жасалган. Бул жерде биздин конституциялык укугубуз жана Эмгек кодексинин талаптары одоно түрдө бузулган. Мындан сырткары бул иште «өзүм билемдик», «кызмат абалынан кыянат пайдалануу» деген кылмыш беренелеринин элементтери бар деп эсептейбиз.

Ошол эле учурда айлык азайганына байланыштуу 7-8 кызматкер жумуштан кеткен. Эгер коллективдин кызыкчылыгын ойлогон жетекчи болсо, айрым функцияларды бириктирүү менен кеткен кызматкерлердин эсебинен экинчи кыскартуунун алдын алса болот эле. Рахат Сулайманов анткендин ордуна эч кандай муктаждык жок болсо да, аткаруучу директор, жооптуу редактор деген жаңы орундарды ачып, ага сырттан ТВда бир күн эмес, бир саат иштебеген, тажрыйбасы жок өз кишилерин алып келүү менен ири өлчөмдө айлык коюп берди. Натыйжада мурда бир эле башкы продюсер жасап келген ишти 3-4 адам аткарып, тек гана буйрук берген чоңдор көбөйдү. «Өз кишилерге» очойтуп, өзүнчө бирден бөлмө берилип, карапайым кызматкерлер муздак, шарты жок бөлмөлөрдө тыгылып отурат. Ал аз келгенсип ишти билбеген «өз кишилер» жалпы жамаатка, айрыкча жаш кабарчыларга шылдың болууда. Мындай абал иш процессин татаалдантып, кедергисин тийгизүүдө.

Мындан тышкары биздин каналда бир күн да иштебей, бирок штаттык орунга кирип, айлык алып жүргөн адамдар бар экенин аныктадык. Бул «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесине ылайык — кылмыш иши. Андыктан ага тиешелүү органдар өз баасын берет деген ишеничтебиз.

Рахат Сулайманов жетекчи болуп келер замат биздин каналдагы эң популярдуу, эл көп көргөн «Ойбүгүн», «Күнөзөк» программаларын коллектив менен бир ооз кеңешпей, эч кандай себепсиз өзүм билемдик менен токтотуп, «Учурда», «Бешинчиде бешөө» берүүлөрүн кыскартып салды. Ошол эле кезде алардын ордун сапатсыз, маани-маңызсыз, көбүнчө сырттан келген берүүлөр менен толтурууда. «Бөрк ал десе, баш алган» цензуралык саясат жүргүзүп, бир беткей берүүлөрдү гана чыгартууда. Бул өлкөбүздүн Башмыйзамындагы сөз эркиндиги боюнча принциптерге жана урматтуу Президентибиз Садыр Жапаровдун «Сөз эркиндигине кысым болбойт» деген саясатына караманча каршы деп эсептейбиз. Мындай абал эл арасында каналдын рейтинги кескин түшүп кетүүсүнө алып келди.

Биздин эфирден аймактык каналдар да көрсөтпөй турган айылдык алкактагы иш-чаралар республикалык деңгээлде бир канча сааттап, кайра-кайра кайталанып көрсөтүлө баштады. Буга 20-мартта Сокулук айылында өткөн бир иш-чараны мисал кылсак болот. Көрсө Рахат Сулайманов ал жерде кошоматчы жан-жөкөрлөрү менен кошо сый көрүп, Сокулуктун жетекчилерине «Бешинчи каналдын» атынан таңгактап ыраазычылык кат тапшырып келген экен. Анысын эфирден кайра-кайра көргөздү.

Ошол эле учурда коллективдин ичинде ага сын айткан кызматкерлерге психологиялык басым жасоо менен кылдан кыйкым издеп, улам бирине түшүнүк кат жаздырууга өттү. Кызматкерлерди «өз» жана «бөтөн» деп бөлүү менен тандалма жасалган мындай репрессивдик кадамдар жамаатта жагымсыз атмосфера жаратып, ички интриганы күчөтүүдө.

Ушундай жагдайлардан улам биз – «Бешинчи каналдын» жамааты Рахат Сулаймановдун редакциялык жана кадрдык саясатына каршыбыз. Бизге кызматкерлерин кодулап, түшүнүк кат жаздыргандан ырахат алган, курсагы тойгон жерде кабаттап «ыраазычылык кат» тапшырып жүрө берген жетекчи эмес, жаңыча ой жүгүрткөн, заманбап медианы түшүнгөн, жамаат менен эсептешип иш кылган, кызматкерлердин кызыкчылыгын коргогон, иш билги, прогрессивдүү  көз караштагы жетекчи керек.

Урматтуу эл жакшылары! Биз мыйзамды сыйлайбыз, баары мыйзам чегинде чечилишин каалайбыз жана иш процессин үзгүлтүккө учуратчу мыйзамсыз кадамдарга барбайбыз. Болгону сиздерден тез арада биздин маселени карап, калыс жана акыйкат жетекчи бекитип берүүңүздөрдү өтүнөбүз. Эгер бул суранычыбыз жакын арада аткарылбаса, анда иш таштоо, митинг-пикетке чыгуу сыяктуу нааразылык акцияларына барууга аргасыз болобуз.

Урматтоо менен «Бешинчи каналдын» кызматкерлери

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>