Орусиядан гуманитардык жардам катары ун келди

Орусиядан гуманитардык жардам катары ун келди

Орусия Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 1084 тонна ун келди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-апрелинде Ош шаарында, ал эми 5-апрелде Бишкекте Орусиядан келген ун түрүндөгү жардамды өткөрүп берүү иш-чарасы болду. Азык-түлүк 5 миң 500 үй-бүлөгө жана өлкөнүн аймактарындагы 78 мектепке таратууга багытталган.

Ал эми Орусия Кыргызстанда тамак-аш коопсуздугун бекемдөө боюнча мындан башка дагы эл аралык долбоорлорду каржылоону улантары айтылат.

Бидирүүгө таянсак, Орусиянын финансылык жана техникалык жардамынын аркасында республиканын 700 мектебиндеги 400 миңге жакын окуучу ысык тамак-аш менен камсыз болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>