Борбордук Азиядагы жер көчкүлөрдүн зыяны 3,59 млрд долларга жетиши мүмкүн — ЕАӨБАкчаны алдамчылар уурдап кеткиче, бул постту ата-энеңизге жөнөтүңүзРеволюциялардын өлкөсүнөн эволюциянын өлкөсүнө карай: Султан Раев Кыргызстандын келечеги тууралууЧолпон-Атада ат үстүндөгү спорттук туризм боюнча дүйнө чемпионаты өтөтЧүйдүн Шопоков шаарында 7,7 млн долларга сүттү кайра иштетүүчү завод курулатКыргызстандан Маскат шаары аркылуу Сауд Арабиясына авиакаттамдар ачылды
Бетке тээп, жерге сүйрөп. Бишкекте үч «кыз» чет элдик жаранды сабап салды
09.04.2025 | 13:17
Бүгүн, 9-апрелде интернет желесинде үч «кыздын» көчөдөн чет элдик жаранды сабап жаткан видеосу тарады. Бул окуя боюнча Ленин РИИБи маалымат таратты.
Милициянын маалыматына ылайык, 6-апрелде саат 04:30 чамасында Ленин РИИБге 3 жаран чет өлкөлүк жаранды сабап жаткандыгы боюнча маалымат түшкөн. Аталган факты каттоого алынып, териштирүү башталган.
Милиция бөлүмүнө 23, 25, 24 жаштагы жарандар жана 33 жаштагы чет элдик киши милицияга жеткирилген. Азыр текшерүү иштери жүрүп жатканы айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом