Бийик тоолуу аймактарда жашагандар канча жашында пенсияга чыгышат?

Бийик тоолуу аймактарда жашагандар канча жашында пенсияга чыгышат?

Кыргызстандын бийик тоолуу жана барууга кыйын болгон аймактарда жашаган жана катаал шартта иштеген жарандарга пенсияга чыгуу укуктук ченемдер берилген.

Бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңештин «Элдик» депутаттык тобунун жыйынында Социалдык фонддун өкүлү маалымдагандай, мыйзамга ылайык, бийик тоолуу шартта жашаган жана иштеген 55 жашка толгон эркектер жана 50 жашка толгон аялдар пенсияга чыгууга укуктуу.

Эгерде алар бийик тоолуу шартта кеминде 20 жыл иштесе,  эркектер үчүн 25 жыл, аялдар үчүн 20 жыл иштесе.

Андан тышкары 3 же андан көп бала төрөгөн жана балдарын 8 жашка чейин чоңойткон айымдар, бийик тоолу аймакта кеминде 15 жыл жашаса, жалпы 20 жыл иштөө стажы болсо, анда алар 45 жашында пенсияга чыга алышат.

Ушул пункта көрсөтүлгөн адамдарга мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыккандыгына байланыштуу аларга кеткен чыгымдар республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат.

2022-жылдын 1-январына карата республикада бийик тоолуу аймактар боюнча пенсия алуучулардын жалпы саны 22 598 адам болсо, аларга берилген пенсиянын орточо көлөмү 4712 сомду түзөт.

Алыскы жана барууга кыйын болгон аймактарда жашаган 7490 адамга орточо эсеп менен 3492 сом пенсия берилет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: пенсия

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>