Чет элдик жарандын унаасын тартып алган уюшкан топтун мүчөсү кармалды

Чет элдик жарандын унаасын тартып алган уюшкан топтун мүчөсү кармалды

18-май күнү акча каражаттарын опузалап талап кылып алып жаткан уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү 32 жаштагы Б.К.Н. кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 20-мартында К.А.А. аталган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнүн атынан «А.Д.», «А.М.», «М.М.» жана «К.Б.» аттуу адамдар Казакстандын жараны Е.Д.А. аттуу жеке ишкерге таандык «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаасын күч колдонуп алып кетем деп коркутуп кайра каттоого мажбурлашкан.

Мындан тышкары, жогорудагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү, Е.Д.А. аттуу ишкерден 20 000 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын ар кандай жол менен коркутуп жүрүшкөн.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, мурда талап кылган акча каражатынын бир бөлүгүн, тагырагы, 300 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан учурунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Б.К.Н. кармалды.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) боюнча катталып, кармалган адам  УКМКны убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>