Бийлик бизди унутту: Чек ара чырында туткунга алынгандар жардам сурайт

Бийлик бизди унутту: Чек ара чырында туткунга алынгандар жардам сурайт

2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышууда тажик аскерлери тарабынан барымтага алынган жарандар укук коргоочулардан юридикалык жардам берүүнү суранып жатышат. Бул тууралуу Жалал-Абаддагы «Адилет» укук коргоо уюмунан билдиришти.

Маалыматка караганда, жабырлануучулар бийлик аларды унутуп калганына нааразы болуп, алардын бири уюмга арыз менен кайрылган.

Анда ал: «Мен 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусунун Лейлек районунда болгон чек ара чырынын натыйжасында кыйноолордун курмандыгы болдум. Тажик тараптын аскер кызматкерлери бизди айылыбыздан алып качып, үч күн кыйнашты. Кыйноонун бардык белгилери катталып, кылмыш иши козголгон. Мамлекет тарабынан 50 миң сом өлчөмүндө компенсация каралган. Бирок бүгүнкү күндө ден соолугум начарлап, реабилитацияга абдан муктажмын. Кыйноолор боюнча козголгон кылмыш иши эмне болгонун жана эмне себептен иш уланбай жатканын да билбейбиз. Ушуга байланыштуу бизди жана үй-бүлөбүздү колдооңуздарды суранабыз”, — деп жазган.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 28-30-апрелинде чек ара жаңжалында тажик аскерлери Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысын жана тогуз жай тургунду барымтага алган. Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор тажик тарап барымтага алган кыргызстандыктарга карата кыйноолорду колдонгонун аныкталганын маалымдаган.

Жалал-Абаддагы “Акыйкат” укук коргоо уюмунун юристтери жабырлануучу алты адамдын кызыкчылыгын коргоп жатканын маалымдашты.

Андан кийин барымтага алынгандардын көбү өрттү өчүрүү үмүтү менен үйлөрүнө кайтышкан, бирок ал жерде аскер кызматкерлери аларды күтүп жатышкан. Аларды сабап, колун байлап, баштарына баштык кийгизишкен. Барымтага алгандарды чек арадан жөө өткөрүшүп, чек ара заставасына жайгаштырышкан. Кийинчерээк аскер кызматкерлери айыл тургундарын Гафуров райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлерине өткөрүп беришкен, алар өз кезегинде барымтага алынгандарды катуу кыйноого алышкан. Жабырлануучулардын айтымында, алардын айрымдары жер төлөдө, башкалары РИИБдин короосунда сабалган.

Айыл тургундарын тээп, мылтыктын башы менен сабап, муздак суу менен чачышкан. Ошондой эле, алар өздөрү чек араны мыйзамсыз кесип өткөнүн жазууну талап кылышкан. Бирок коңшу мамлекеттин аймагына аларды өз үйүнөн алып кетишкен. Аягында мамлекеттик чек араны бузгандыгы үчүн кармалганы тууралуу тажик тилиндеги алдын ала даярдалган документтерге кол коюуга аргасыз кылышкан.

Эркиндикке чыккандан кийин укук коргоочулар барымтага алынган айыл тургундарынын абдан депрессиялык абалда болгонун белгилешти: алар байланышууну каалабай, эмне болгонун такыр эстегилери келген эмес.

Кыйноо фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 143-беренесинин негизинде 10 кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштерин Лейлек РИИБдин тергөө тобу жүргүзгөн. Бардык тергөө амалдары аяктап, күбөлөрдү жана жабырлануучуларды суракка алуу жүргүзүлүп, Стамбул протоколунун бланктары толтурулган. Соттук-медициналык экспертизанын жана соттук психологиялык-психиатриялык экспертизанын корутундулары алынган, Ошондой эле, баллистикалык, техникалык, биологиялык экспертизалардын жыйынтыгы чыгарылган.

Окуя болгон жерден 50дөн ашык видео жана сүрөттөр текшерилген. Иш прокуратурага өткөрүлүп берилип, андан кийин КР УКМКнын бөлүмүндө токтотулган. Адвокаттар буга чейин аталган ишке күнөөкөр адамдар алдын ала аныкталганын билдиришкен.

Алар эми мамлекеттер аралык жана эл аралык келишимдердин алкагында кыйноолор менен күрөшүү боюнча өз милдеттерин аткарып, маселени аягына чыгаруу керек деп эсептешет.

«Биз мамлекет адам укуктарын, атап айтканда, кыйноолордон эркин болуу абсолюттук укугун сыйлайт деп үмүттөнөбүз жана ага чек ара чыры дагы чектөөгө болбошу керек», — дешти укук коргоочулар.

2022-жыл: Чек арада мекен үчүн курман болгон жоокерлердин тизмеси

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>