Майлуу-Сууда мектептер онлайн окууга өттү

Майлуу-Сууда мектептер онлайн окууга өттү

Жылуулук жана таза суу менен камсыздоо үзгүлтүккө учураганына байланыштуу Майлуу-Суу шаарындагы мектептер онлайн окууга өтүп, бала бакчалар убактылуу жабылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы 16-январда билдирди.

Мындай чечим шаардагы жылуулук жана таза суу менен камсыз кылуу иштери аяктаганга чейин күчүндө болот.

Майлуу-Сууда 12-январда катуу сууктун айынан суу түтүктөрү тоңуп, жылуулук берүү жана суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган.

Шаардын бийлиги 14-январдан тарта отказандардын бири ишке киргизилип, жылуулук маал-маалы менен бериле баштаганын кабарлады.

Таза суу азырынча автоунаалар менен ташылып, таратылып жатат.

Майлуу-Суу шаарында жети мектеп бар, анда 4 миң 512 окуучу билим алат. Ал эми жети бала бакчада 878 бала тарбияланат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>