Бийлик маммүлктү сатуудан бюджетке 3,3 млрд сом түшүрүүнү пландоодо

Бийлик маммүлктү сатуудан бюджетке 3,3 млрд сом түшүрүүнү пландоодо

2022-жылы салыктык эмес кирешелердин түшүүсү 34 миллиард 658,4 миллион сом өлчөмүндө болжолдонууда. ИДПнын көлөмүндө алардын үлүшү 4,9% түзөт. Бул тууралуу “2022-жылга республикалык бюджет жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” КР мыйзамынын долбоорунда айтылат.

Салыктык эмес кирешелерге төмөнкүлөр кирет: бюджеттик ссудалар жана берилген кредиттер боюнча пайыздар, акциялардын мамлекеттик пакетине чегерилген дивиденддер, ижарадан түшкөн кирешелер жана башкалар.

Алардын арасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдөн түшкөн каражаттар да бар. Алсак, 2022-жылы мамлекеттик мүлктү сатуудан бюджетке 3,3 миллиард сом, кийинки 2023-2024-жылдары 200 миллион сом түшүшү керек.

Эске салсак, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун  маалыматы боюнча, жалпысынан 25 мамлекеттик компания жана алардын акциялары сатууга даярданууда. Мамлекеттик программага ылайык менчиктештирүүгө даярданып жаткан ишканалардын тизмесине Евразия сактык банкы, MegaCom, Кепилдик фондунун акциялары, Бакай банкы жана башкалар кирет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>