Бийлик жетекчилери: Чубак ажы элди адеп ахлак жактан тарбиялоодо зор эмгек кылды

Бийлик жетекчилери: Чубак ажы элди адеп ахлак жактан тарбиялоодо зор эмгек кылды

Белгилүү дин аалымы, мурунку муфтий Чубак ажы Жалиловдун дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков баш болгон жогорку бийлик жетекчилеринин жана коомдук ишмерлердин атынан көңүл айтуу каты жарыяланды.

Анда Чубак ажынын  Кыргызстандын гана эмес, жалпы Борбордук Азия мамлекеттеринин диний турмушунда бекем орун алышына чоң эмгек өтөгөндүгү айтылат.

“Ал заманбап коммуникация каражаттарын колдонуу менен мусулман жамаатына сухбаттары менен таанымал болуп, жаштарды адеп-ахлактыкка, ыймандуулукка тарбиялоого, улуттар аралык ынтымакты, конфессиялык аралык байланыштарды бекемдөөгө өзгөчө салым кошкон. Элди руханий, диний, адеп ахлак жактан тарбиялоодо зор эмгеги бар. Ислам дининин көрүнүктүү өкүлү катары өлкөбүздүн мусулмандарынын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон.Чубак ажы Жалилов мусулмандык укук, араб тилинин грамматикасы, Курандын аяттарына түшүндүрмө берүү жана хадис таануу илимдери боюнча таанымал дин ишмери эле. Чубак ажы Жалиловдун жаркын элеси жалпы элибиздин эсинде дайыма сакталат.Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз”, – деп жазылат катта.

Чубак ажы Жалилов 11-июлга караган түнү эки тараптуу пневмонияга кабылып 45 жашында дүйнөдөн кайтты. Сөөгү ошол эле күнү кичи мекени Базар-Коргон районунун Баймундуз айылында жерге берилди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>