Бийликтен айдалган экс-президенттерге жеңилдиктер берилбеши керек, — депутат

Бийликтен айдалган экс-президенттерге жеңилдиктер берилбеши керек, — депутат

Мөөнөтүн аягына чейин өтөбөгөн президенттерге эч кандай жеңилдиктер каралбашы керек. Мындай пикирин 15-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сеид Атамбаев билдирди.

Анын айтымында, алар элдин эсебинен пенсияларды албашы керек.

“Экс-президент бул — мөөнөтүн аягына чейин иштеп бүткөн адам. Ал эми мөөнөтүн аягына чейин өтөбөгөн же эл тарабынан айдалган президенттер өзүнүн эсебинен сакчы алышы керек. Мисалы, Сооронбай Жээнбеков бийликтен эл тарабынан айдалган.  Ал эмне үчүн элдин эсебинен сакчы алышы керек? Аскар Акаев дагы айдалган. Аларга элдин эсебинен өмүрүнүн аягына чейин жеңилдиктер бирилбеши керек. Алар жакшы пенсия алышат. Мен буга каршымын”, — деди депутат.

УКМКнын 9-кызматынын башчысы Жумгалбек Шабданбеков аларда экс макамы болгондуктан сакчы берилгенин билдирди.

“Экс макамын биз аныктаган жокпуз да. Биз болгону мыйзамды аткарып жатабыз”, — деди Шабданбеков.

Тэги: президент

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>