Екатеринбургда кыргызстандыкты уурдап, акча талап кылышкан. Орусияда эки шектүү кармалдыЧет элдик номурлуу унааларды мыйзамдаштыруунун мөөнөтү 1-сентябрда аяктайтМинистрлик: чет өлкөгө иштөөгө чыгып жаткан жарандар атайын даярдыктан өтүүгө милдеттүүНоокатта электр энергиясынын көрсөткүчтөрү жасалмаланган. Башкы прокуратура иш козгодуМанас шаарында 500 орундуу мектеп курулуп жататКөчмөндөр оюндарында Кырчын «Көчмөндөр ааламына» айланат
Бишкекте курула турчу жаңы стадиондун эскизи (видео)
15.06.2022 | 17:26
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча жаңы стадиондун курулушу үстүбүздөгү жылдын август айында башталат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
“Стадион борбор калаанын түштүк-батыш тарабында курулат. Ал 22,5 миң кишилик заманбап көп функциялуу спорт аянтчасы болот. Стадионду бул жаатта көп жылдык тажрыйбасы бар Европадан келген компания курат. Каржылоонун негизги бөлүгүн европалык инвестициялар түзөт”, – деди Султанбаев.
Ал стадиондун курулушу болжол менен эки жылда бүтөрүн кошумчалады.
Буга чейин президент Садыр Жапаров Бишкекте 22,5 миң адам батарлык заманбап жаңы стадиондун курулушу башталарын билдирген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом