Бир буту жок аял 104 марафон жүгүрүп, дүйнөлүк рекорд койду

Бир буту жок аял 104 марафон жүгүрүп, дүйнөлүк рекорд койду

Рак оорусунан улам бир бутунан ажыраган жөө күлүк аял, чуркоо боюнча марафондорго катышуунун саны боюнча рекорд койду.

АКШнын Аризона штатынын 46 жаштагы жашоочусу Жеки Хант-Брёрсма ушул жылдын январь айынан баштап, күн сайын 42,1 чакырым чуркап келген. Дем алыш күндөрү ал өзүнүн акыркы 104-марафонун жүгүрүп, эми анын бул жетишкендиктери Гиннестин рекорддор китеби тарабынан каттоого алынганы турат.

Жеки Хант-Брёрсмада Гиннес китебине кирүү идеясы кандай пайда болгон?

2022-жылдын башында Жеки чуркоо марафондору боюнча рекорд коём деп максат кылган, ошондон бери ал 4399 чакырым  чуркап, кайрымдуулук үчүн 88 000 доллар чогулткан. Ал каражат рак оорусунан улам бутунан ажыраган адамдарда жумшалмакчы.

Гиннес китеби бул рекордду азырынча расмий түрдө каттай элек.

«Чуркоо менин психикалык абалымды катуу өзгөрттү жана ал менин денем канчалык күчтүү экендигин көрсөтө алды» деген ал.

Эми ал акыркы жолу АКШнын Юта шаарында октябрь айында боло турчу 386 чакырымга чуркоо марафонуна катышмакчы.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>