«Рухтун жел кайыктары»: Ысык-Көлдө эл аралык регата башталдыПутин, Си Цзиньпин, Эрдоган жана башка лидерлер Бишкектеги ШКУ саммитине катышатДон Уилсон жана Бай Линг Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргызстанга келетШКУ саммити жана ДКО өтө турган күндөрү Бишкекте автобустар сейрек катташы мүмкүнШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарынын коопсуздугун 15 миң кызматкер камсыздайтНепалдагы суу ташкындарынан 464 адам каза болуп, миңге жакыны дайынсыз болууда
“Кумтөрдүн” бир жылдык каржылык ишмердүүлүгү текшерилет
10.05.2022 | 10:37
“Кумтөр” ишканасынын бир жылдык каржылык ишмердүүлүгү текшерилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.
Анда өлкө башчы: “Кумтөрдүн” бир жылдык каржылык жана башка ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн Эсептөө палатасын жибердим. “Кумтөр” алтын кенине 2021-жылдын 17-майында тышкы башкаруу кирген, андан бери бир жыл өттү. Текшерүү бүткөн соң (болжол менен эки айдан кийин) жалпы элге маалымат берилет”, – деп жазган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом