Бир катар райондук милициянын башчылары алмашты — фамилиялар

Бир катар райондук милициянын башчылары алмашты — фамилиялар

Райондук жана шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн айрым жетекчилери башка аймактарга ротацияланды. Бул тууралуу Ичики иштер министрлигинен билдиришти.

«Жаңы дайындалган жетекчилерге коомдук тартипти сактоого, кылмыштуулук менен күрөшүүгө жана анын алдын алууга, кылмыштардын бетин ыкчам ачууга, кылмыштуу кол салууларды болтурбоого арналган – санарип тутумун бекемдөө, райондордогу негизги жерлерге видеокамераларды орнотуу, жарандардын арыз-кайрылууларына өз убагында жооп берүү жана милициянын көчмө кабылдамалары менен жарандарды кабыл алуу, алар көтөргөн маселелерди чечүү тапшырмалары берилди», — деп билдирет министрлик.

— Айбек Акматов Талас облусунун Манас РИИБнин начальниги кызматынан бошотулуп, Нарын облусунун Ак-Талаа РИИБнин начальниги кызматына;

— Майрамбек Калмамбетов Талас облусунун Кара-Буура РИИБнин начальниги кызматынан бошотулуп, ошол эле  облустун Талас РИИБнин начальниги кызматына;

— Нурбек Калыкеев Чүй облусунун Ысык-Ата РИИБнин начальниги кызматынан бошотулуп, Жалал-Абад облусунун Токтогул РИИБнин начальниги кызматына;

— Азенбек Козукеев Жалал-Абад облусунун Ала-Бука РИИБнин начальниги кызматынан бошотулуп, Талас ОИИБнин начальнигинин ыкчам иштер боюнча орун басары кызматына;

— Мелис Мырсалиев ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын экинчи башкармалыгынын оор, өтө оор жана резонанстык кылмыштардын бетин ачуу боюнча бөлүмүнүн ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери кызматынан бошотулуп, Чүй облусунун Ысык-Ата РИИБнин начальниги кызматына;

— Мирлан Осмоналиев Нарын облусунун Ак-Талаа РИИБнин начальниги кызматынан бошотулуп, ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын криминалдык эсепке алуу башкармалыгынын криминалдык жана ыкчам эсепке алуу бөлүмүнүн начальниги кызматына;

— Эрнис Саттаров Жалал-Абад облусунун Токтогул РИИБнин начальниги кызматынан бошотулуп, ошол эле облустун Ала-Бука РИИБнин начальниги кызматына;

— Данияр Жумагулов  ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын экинчи башкармалыгынын чет өлкөлүк жарандарга, адамдарды, жашы жете электерди сатууга жана кумар оюндар кылмыштарына каршы күрөшүүнү уюштуруу бөлүмүнүн улук ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери кызматынан бошотулуп, Талас облусунун Талас РИИБнин начальнигинин орун басары, кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн начальниги кызматына;

— Жанышбек Токторбаев Талас облусунун Талас ШИИБнин начальнигинин орун басары, кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн начальниги кызматынан бошотулуп, ошол эле облустун Манас РИИБнин начальниги кызматына;

— Алмазбек Тулебеков Талас ОИИБнин начальнигинин ыкчам иштер боюнча орун басары кызматынан бошотулуп, ошол эле облустун Кара-Бура РИИБнин начальниги кызматына;

— Чынгыз Абылгазиев Талас облусунун Талас РИИБнин начальнигинин орун басары, кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн начальниги кызматынан бошотулуп, ошол эле облустун Талас ШИИБнин начальнигинин орун басары, кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн начальниги кызматына кызматына;

— Бакыт Султангазиев Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл РИИБнин Ананьев айылдык милиция бөлүмчөсүнүн начальниги  кызматынан бошотулуп, Чүй  облусунун Токмок ШИИБнин начальнигинин ыкчам иштер боюнча орун басары кызматына дайындалышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>