Абактагы Адилет Балтабайдын иши 19-апрелге жылдырылды

Абактагы Адилет Балтабайдын иши 19-апрелге жылдырылды

Бүгүн, 11-апрелде Жогорку сотто «массалык башаламандыктарга чакырык жасоого» айыпталып беш жылга эркинен ажыратылган активист Адилет Балтабайдын иши боюнча соттук отурум болуп өттү.

Соттук отурумдун жүрүшүндө жактоочулар, анын ичинде Нурбек Сыдыков Адилет Балтабай массалык башалмандыктарга чакырык жасабаганын, анын сөздөрү боюнча жасалган экспертизада алешемдиктер бар экенин айтып, соттон активистти актап берүүнү өтүндү.

Ал эми прокурор активист Адилет Балтабай күнөөлүү экенин айтып, соттон жактоочулардын өтүнүчүн четке кагууну суранды.

Тараптарды уккандан кийин соттук коллегия чечим кабыл алуу үчүн кеңешме бөлмөсүнө чыгып кетти. Кеңешме бөлмөсүнөн келгенден кийин соттук коллегия Адилет Балтабайдын «башаламандыктарга чакырык жасады» деген сөздөрү боюнча экспертизага тактоо киргизүү керектигин билдирип, отурумду 19-апрелге жылдырды.

Эскерте кетсек, Адилет Балтабай 2022-жылдын 30-июнунда Биринчи май райондук милициясы тарабынан «массалык башаламандыктарга чакырык жасоого» шектелип кармалган. Ал кармалардан мурда Кыргызстанда кумарканалардын ачылышына каршы болуп, митингдерге чыгып жүргөн (ага «Фейсбук» баракчасына чыгарган посту үчүн 2021-жылы кылмыш иши козголгон).

2-сентябрда Адилет Балтабайга ачылган кылмыш иши боюнча биринчи отурум өтүп, 11-ноябрда ага өкүм чыгарылган. Биринчи райондук соттун чечими менен Адилет Балтабай 5 жылга соттолуп, ошол эле учурда 3 жыл пробациялык мөөнөт белгиленип, эркиндикке чыккан.

Быйыл 12-январда Адилет Балтабайдын иши Бишкек шаардык сотунда каралып, райондук соттун 3 жылдык пробациялык көзөмөл тууралуу чечими жокко чыгарылып, 5 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм күчүндө калтырылган. Адилет Балтабай сот залынан камакка алынган.

Адилет Балтабай камалгандан кийин анын апасы президентка кайрылуу жасап, уулу күнөөсүз соттолгонун, ага карата иш боюнча адилеттүү чечим чыгышына жардам берүүнү суранган.

Шаардык соттун чечимине байланыштуу активисттин жактоочулары Жогорку сотко арыз таштап, анда Адилет Балтабайга чыккан мурдагы чечимдерди жокко чыгарып, толук актап берүү өтүнүчүн келтирген.

10-мартта активисттин апасы Сайкал Жунусова, жубайы Гүлкайыр Жапарова, тарапташтары Жогорку соттун жана УКМКнын алдында Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбаевге, президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасаган.

Адилет Балтабайдын апасы уулуна адилет өкүм чыгарууну суранууда

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>