Баткендин тургуну 3 млн сом пара берүүгө шектелип кармалды (видео)

Баткендин тургуну 3 млн сом пара берүүгө шектелип кармалды (видео)

Өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен Баткен районунун тургуну кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, УКМК менен милиция кызматкерлери Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында 35 миң доллар (3 млн 59,7 миң сом) акча берип жаткан жеринен 1987-жылы туулган О.И. аттуу Баткен районунун тургунун кармаган.

«Аталган жаран УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерине анын мурда аткезчилик менен кармалган жакын тууганына карата кылмыш ишин тергөө жана токтотууга жардам берүү үчүн пара берүүгө аракет кылган. Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө», — деп билдирет УКМК.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>