Бир жумада өлкөдө 448 мас айдоочу кармалды

26.02.2024 | 10:09

Кыргызстанда 19-25-февралда, алдын ала маалымат боюнча, 20 миң 197 жол эреже бузуу аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Алардын ичинен:

– Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 364;

– Мас абалында унаа айдагандар – 448;

– Унаанын айнектерин мыйзамсыз караңгылатуу – 40;

– Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 1 миң 173;

– Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3138;

– Автобейбаштык – 14;

– Ылдамдыкты ашырпы айдоо – 2 миң 854;

– Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 1;

– Башка жол эрежелерин бузуу фактылары –12 миң 179;

Жол эреже бузган айдоочулардын ичинен 1 миң 431инин унаасы айып короо жайына токтотулган.

Аталган башкармалык айдоочуларду жол эрежелерин так сактоого чакырат.

Scroll to Top