Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Бириккен Араб Эмираты Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгүн тааныйт
22.08.2024 | 14:20
2024-жылдын аягына чейин Кыргызстан менен БАЭ айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жана алмашуу боюнча меморандумга кол коюшат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Кыргызстандын элчиси БАЭнын тышкы иштер министри менен жолугушту.
Жолугушуунун оң натыйжасы болуп, эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан берилген айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жана алмашуу боюнча түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу тууралуу макулдашуунун жетишилгендиги болду. Буга чейин документтин тексти тараптар тарабынан макулдашылып, бул жол коопсуздугу жана эки өлкөнүн жарандарынын ыңгайлуулугу боюнча кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө даярдыгын баса белгилейт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом