Керектөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдүБишкекте Шакиранын концертине байланыштуу айрым көчөлөр жабылды
Сел жүрүшү мүмкүн. ӨКМ дарыя жээктеринде эс албай турууга чакырды
22.08.2024 | 14:51
23-25-августта аба-ырайы бузулуп, нөшөрлүү жаан-чачын күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүндүгү эскертилди.
ӨКМ жарандарга тоого чыгып, капчыгайларда, дарыя жээктеринде эс алууну башка күндөргө жылдырууну сунуштады.
Белгилей кетсек, быйыл селдин саны былтыркыга салыштырмалуу 86 пайызга көбөйүп, адам өлүмүнө жана ири чыгымдарга алып келди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом