Биринчи элдик курултай качан өтөөрү белгилүү болду

Биринчи элдик курултай качан өтөөрү белгилүү болду

Президент Садыр Жапаров “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” жарлыкка кол койду, деп билдирет өлкө башчынын басма сөз кызматы.

Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык жарандар мыйзамдарды, республикалык жана жергиликтүү маанидеги чечимдерди талкуулоого жана кабыл алууга катышууга укуктуу.

Кыргыз Республикасынын жарандары коомдун жана мамлекеттин иштерин башкарууга түздөн-түз, ошондой эле өз өкүлдөрү аркылуу катышууга укуктуу. Жарандар мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маселелери боюнча, башка маанилүү маселелер боюнча кыргыздардын тарыхый салты болуп саналган курултайларды өткөрүүгө укуктуу.

Элдик курултай – коомдук-өкүлчүлүктүү, кеңеш берүүчү, байкоочу чогулуш, ал коомдук өнүгүүнүн багыттары боюнча сунуштарды берет.

«2022-жылдын 25-ноябрында жума күнү Бишкек шаарында биринчи элдик курултай чакырылсын», — деп айтылат маалыматта.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: курултай

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>