«Биринчи карлыгач учту»: «От» (Burning) тасмасынын жаратуучулары фильмдин АКШда чыгышы тууралуу

«От» (Burning) хоррор тасмасы Американын рыногуна чыкты. Reporter.kg басылмасына берген маегинде анын жаратуучулары — 1.1 STUDIO компаниясынын өкүлдөрү Ростислав Ященко менен Асхат Табалдиев тасманын өзгөчөлүктөрү, эл аралык прокат жана кыргыз кинематографиясынын алдында ачылып жаткан жаңы мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып беришти.
— Мистикалык «От» хоррору АКШдагы Amazon Channels платформасына кантип кабылып калды жана дистрибуция боюнча сунуш менен биринчи ким чыкты?
— Жалпысынан алганда, хоррор жанры Европа менен Америкада абдан бааланат. Мындай тасмалар чек арадан эң оңой өтөт. Ошондуктан, кызыгуу биз тараптан болду. Биздин эл аралык дистрибуция менен алектенген өнөктөштөрүбүз бар, алар муну ишке ашыра алышты.
— Кыргызстандык тасманын америкалык стриминг платформаларына чыгышы канчалык кыйын? Аткарылышы керек болгон кандайдыр бир өзгөчө талаптар же шарттар барбы?
— Эгерде биз үч жыл мурун сүйлөшсөк, бул дээрлик мүмкүн эмес деп айтмакпыз. Негизи, бул абдан татаал. Бирок биздин өнөктөштөрүбүздүн жана Америкада көптөн бери жашап, киноиндустриясында иштеген мекендешибиздин жардамы менен буга жетише алдык. Тасманы илгерилетүү көп убакытты талап кылды: ал жарык көргөнүнө эки жыл болду, ушул убакыттын ичинде биз Америка рыногуна чыгууну көздөп келдик.
— Сиз аны табышмактуу кылып «өнөктөш», «мекендеш» деп жатасыз. Ал ким, аты-жөнү ким?
— Бул Султан Пиржан.
Reporter.kg маалымкаты: Султан Пиржан — АКШда жана Кыргызстанда кыска метраждуу жана башка тасмаларды тарткан продюсер жана кинематографист.
— Эл аралык прокат үчүн эмнеге Burning деген аталыш тандалды? Ал «От» деген баштапкы аталыштын маанисин канчалык деңгээлде бере алат?
— Биз бул тууралуу көпкө ойлондук жана акырында өнөктөштөрүбүзгө ишендик. Менимче, маанисин бере алат. Мааниси — адамдын күйүп жатканында. Эгерде тасманы көргөн болсоңуз, анда Burning деген аталыш туура келерин түшүнөсүз.
— Тилекке каршы, азырынча көрүүгө мүмкүнчүлүк боло элек, бирок ушул дем алыш күндөрү көрөм деп ишенем.
— Көрүңүз. Тасма биздин платформада кыргыз тилинде, орусча субтитрлери менен эки жылдан бери жеткиликтүү.
— Ал эми америкалык аудитория үчүн тасма адаптацияландыбы? Котормо, дубляж, субтитр, монтаж дегендей…
— Америкалык аудитория тасмаларды субтитр менен оригинал тилинде көргөндү жакшы көрөт.
— Эл аралык версияда кыргыздын маданий өзгөчөлүктөрү, фольклору, улуттук колорити сакталып калдыбы?
— Ооба. Тасманы көрсөңүз, баары оригиналдагыдай калганын көрөсүз. Эч нерсе редакцияланган жок, баары сакталды.
— Маданий белгилер же символдор чет элдик аудиторияга түшүнүксүз болуп калат го деген кооптонуулар жокпу?
— Тасманын өзгөчөлүгү дал ушунда. Ал эмне үчүн Америка рыногуна чыкты? Буга чейин биз Канадада абройлуу сыйлык алганбыз. Фильмди көргөн ар бир адам өзүнүн жыйынтыгын чыгарууга укуктуу. Биз буга тынч карайбыз.
Reporter.kg маалымкаты: АКШда чыгаар алдында фильм эл аралык деңгээлде таанылууга жетишкен. Анын дүйнөлүк премьерасы Монреалдагы Fantasia International Film Festival фестивалында болуп, анда картина эки сыйлыкка — Best Asian Feature жана AQCC Jury Prize ээ болгон. Ошол эле жылы фильм Бразилиядагы жана Германиядагы эл аралык кинофестивалдарда көрсөтүлүп, ал эми Bishkek International Film Festival фестивалында эң мыкты сценарий үчүн сыйлык алган.
— 1.1 STUDIO компаниясынын кыргыз көрүүчүсүнөн тышкары чет элдик көрүүчүгө да багытталган жаңы долбоорлору барбы?
— Ооба. Учурда бизде «Кыргызфильм» менен биргеликте тартылган «Наристе» тасмасы бар. Бул жанры боюнча окшошуп кетет, бирок «От» көбүрөөк хоррорго багытталган. Биз аны «социалдык хоррор» деп атаар элек. Ал эми «Наристе» болсо триллерге жакыныраак болот.
Жалпысынан алганда, биз жылына бир нече долбоор чыгарабыз. Мисалы, быйыл алардын саны бешөө болсо, анын экөө дайыма эл аралык рынокко багытталат. Биз эл аралык рынокко чоң басым жасайбыз, бирок ошол эле учурда өзүбүздүкүн да унутпайбыз.
Баса, Prime Video «Черный двор» (Кара короо) сериалын сатып алган. Бул биз тараптан түзүлүп, Prime Video сатып алган биринчи кыргыз сериалы болду. 2026-жылдын апрель айынан тарта ал платформада жеткиликтүү. Ал эми Burning (От) — биринчи көркөм фильм.
— Эгерде Burning АКШда жакшы натыйжа көрсөтсө, бул окуяны улантууга даярсызбы? Балким, азыр мода болгондой сиквел же приквел тартасызбы?
— Жок, бул бүткөн окуя. Уландысы болбойт болушу керек.
— Америкадагы релиздин кандай жыйынтыгын ийгилик деп эсептейсиз?
— Эгерде Америка рыногу Борбор Азияга көңүл буруп, кандайдыр бир сунуштар түшө баштаса, продюсерлер бизге кайрылып, картиналарды издей баштаса — муну ийгилик деп эсептейбиз. Бул ал жакка учкан биринчи карлыгач. Бул бүткүл Борбор Азиянын киноиндустриясы үчүн өз жемишин берерине ишенем.
— Бир кыргыз тасмасынын ийгилиги башкалардын эл аралык платформаларга чыгуу жолун жеңилдете алабы?
— Бул дүйнөлүк тенденция: мурда эч ким билбеген белгисиз рыноктон кайсы бир картина «жарып» чыкканда, ал калгандарынын баарына жол ачат. Бул дайыма муз жаргыч сыяктуу иштейт.
— Демек, тасмаңыздын АКШга чыгышы сиздер үчүн биринчи кезекте коммерциялык ийгилик эмес, кыргыз киносу жөнүндө дүйнөгө жарыялоо мүмкүнчүлүгүбү?
— Ооба, бул көбүрөөк имидждик окуя. Коммерциялык ийгилик тууралуу айтууга азырынча эрте. Албетте, эми аны көп миллиондук аудитория көрөт, кандайдыр бир пикирлер пайда болот. Бирок биз үчүн башкысы — кыргыз кинематографиясына жол ачуу.
Анара Мамытова