Көчмөндөр искусствосу: Өрнөк айылында кыргыз сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү ачылды

04.09.2026 | 15:30
Көчмөндөр искусствосу: Өрнөк айылында кыргыз сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү ачылды — Новости Кыргызстана

Ысык-Көлдүн Өрнөк айылындагы Курманжан Датка атындагы Көчмөн цивилизациясы борборунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында кыргыз сүрөтчүлөрү менен скульпторлорунун масштабдуу көргөзмөсү ачылды. Экспозицияга көчмөн турмуштун маданиятын, каада-салтын жана философиясын чагылдырган 90го жакын чыгарма коюлган.

Көргөзмөнүн чордонунан республикалык сынактын жыйынтыгы боюнча тандалып алынган 45 мыкты эмгек орун алды. Бул сынакка Кыргызстандын булуң-бурчунан 100дөн ашык чебер катышып, 250гө жакын эмгегин жөнөтүшкөн. Эксперттер чыгармалардагы улуттук колориттин тереңдигине, идеясына жана аткаруу чеберчилигине баа беришти.

Этнофестивалдын коноктору заманбап улуттук искусство менен таанышып гана тим болбостон, жеке коллекциялары үчүн картиналарды сатып ала алышат — ата мекендик авторлордун эмгектерине чет элдик туристтер тарабынан кызыгуу ар дайым жогору. Көргөзмө каалоочулар үчүн 6-сентябрды кошо алгандагы күнгө чейин ачык.

Теги: ВИК
Scroll to Top