Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Биринчи класска электрондук каттонун экинчи этабы 1-июнда башталат
25.05.2026 | 15:29

Агартуу министрлиги 31-майда балдарды 1-класска электрондук кабыл алуунун биринчи этабы аяктай турганын эскертти. Бул этапта ата-энелер балдарын жашаган жери боюнча мектепке каттай алышат.
Ал эми 1-июнда саат 10:00дөн тарта кабыл алуунун экинчи этабы башталат. Бул учурда балдарды бош орундар болсо, микроучасткага карабастан мектепке каттоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мекеме ата-энелерге арыздарды өз убагында берүүнү сунуштады.
Министрликтин маалыматына ылайык, 1-класска кабыл алууга өлкө боюнча жалпы 192 250 орун каралган. Учурда 71 987 бала мектепке кабыл алынып, 120 263 бош орун калды.
Каттоо онлайн режиминде «1mektep.edu.gov.kg» сайты, ошондой эле «Түндүк», «MegaPay» жана башка банктык тиркемелер аркылуу жүргүзүлөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Илим-билим