Кыргызстанда 18 жашка чыга электерге электросамокаттарды ижарага берүүгө тыюу салуу сунушталууда

Жогорку Кеңеште жашы жете электердин жеке мобилдүүлүк каражаттарын (ЖМК) колдонуусун чектеген мыйзам долбоору талкууга чыгарылды. Демилге жолдордо жана тротуарларда коопсуздукту жогорулатуу максатында «Жол кыймылы жөнүндө» Мыйзамга жана Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт.
Документке ылайык, ижара (прокат) компаниялары колдонуучуларды өздүгүн тастыктаган документтер (паспорт же санариптик документтер) аркылуу милдеттүү түрдө идентификациялоону киргизүүгө милдеттендирилет. Ижарага алынган электросамокаттарды жана гироскутерлерди 18 жашка толгон жарандар гана колдоно алышат. Долбоорду иштеп чыгуучулар белгилегендей, өспүрүмдөрдө башкаруу көндүмдөрүнүн (тажрыйбасынын) жоктугу жөө жүргүнчүлөрдүн жана ЖМК айдоочуларынын өздөрүнүн өмүрүнө олуттуу коркунуч жаратат.
Жаңы эрежелерди бузгандыгы үчүн ири өлчөмдөгү айып пулдарды киргизүү сунушталууда. Балдардын самокат башкаруусуна жол бергендиги үчүн жеке жактарга 20 миң сом (200 эсептик көрсөткүч), ал эми юридикалык жактарга 55 миң сом (550 эсептик көрсөткүч) айып пул салуу пландаштырылууда. Бул чаралар ижарага берүүчүлөрдүн курактык чекти сактоо боюнча жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган.
Эскерте кетсек, буга чейин Reporter.kg 21-майдан тарта Бишкекте электросамокаттардын максималдуу ылдамдыгын 15 км/саатка чейин чектөө күчүнө киргенин кабарлаган. Бул чара борбор калаанын мэриясы тарабынан тротуарларда жана парктарда жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кетүү фактыларынын көбөйүшүнө, ошондой эле шаарда адистештирилген велоинфратүзүмдүн жетишсиздигине байланыштуу кабыл алынган.