Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Бишкек: Балдарын чанага сүйрөгөн айдоочу айыпка жыгылды
05.01.2023 | 20:38
Бишкекте балдарды чана менен сүйрөгөн маршрутканын айдоочусу айыпка жыгылды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кичи автобустун айдоочусуна карата авто ээнбаштык кылгандыгы үчүн 7 миң 500 сом айып салынып, унаасы убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилди.
Маршруттук таксинин айдоочусу балдар отурган чананы унаага байлап алып, эч кандай коопсуздук чараларын сактабастан унаасын айдап бара жаткан видео тараган.

Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар