Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Ысык-Көл: Караколдо көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты
05.01.2023 | 21:53
Каракол шаарындагы үйлөрдүн биринен 13 адамды куткаруучулар эвакуациялашкан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Тактап айтканда, Коенкозов көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн электр калканычынан өрт чыгып, анда жашагандарды терезе аркылуу алып чыгышты.
Жерине Каракол шаардык №15 ӨКБдан 1 бөлүм тартылып, өрт саат 15:30да чектөөгө алынган.
Ыкчам аракеттин натыйжасында электр калканычындагы өрт саат 15:58де толук өчүрүлгөн.
Бактыга жараша, тилсиз жоодон жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.
Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар