Бишкекте 40 таштанды сорттоочу пункт түзүлүүдөҮч өлкөнүн чек арачылары чек ара аймактарында тез арада аракеттенүү жолун табыштыДагы бир депутат чет өлкөлүктөр үчүн карын энеликке тыюу салууну сунуштадыКыргызстан БУУнун Киберкылмыштуулукка каршы конвенциясына кол койдуКыргызстанда «Баатыр энелердин» пенсиясына кошумча төлөмдү 5 миң сомго чейин көбөйтүү сунушталуудаМамкатчы Арслан Койчиев кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады
Бишкек – Балыкчы багытындагы жүргүнчү поезди 5-июндан тарта каттайт – баалары
19.05.2026 | 14:18

5-июндан тарта Бишкек – Балыкчы – Бишкек багыты боюнча жүргүнчү поездинин каттамы жанданат. Поезд сентябрь айынын ортосуна чейин иштейт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы маалымдады.
Каттамдар 5-июндан 21-июнга чейин жума, ишемби жана жекшемби күндөрү жүрөт. Ал эми 26-июндан 13-сентябрга чейин күн сайын каттайт.
Жөнөө жана келүү убактысы:
- Бишкек-2 бекетинен жөнөө — 08:06;
- Балыкчы бекетине келүү — 12:12;
- «Балыкчы пляж» токтоо пунктуна келүү — 12:37;
- «Балыкчы пляж» пунктунан кайра жөнөө — 18:40;
- Бишкек-2 бекетине келүү — 23:11.
Бишкек-2 темир жол бекети Эркиндик бульвары, 1А дарегинде жайгашкан.
Поезддин курамында 16 вагон каралган. Алар аймактар аралык (МО), «Люкс», «ВИП» жана «ВИП купе» категорияларына бөлүнөт.
Жол кире акысы:
Аймактар аралык вагондор (МО):
- Чоңдор үчүн: накталай — 180 сом, накталай эмес — 150 сом;
- Балдар үчүн (5-10 жаш): накталай — 90 сом, накталай эмес — 73 сом.
«Люкс» вагону:
- Чоңдор үчүн: накталай — 600 сом, накталай эмес — 500 сом;
- Балдар үчүн: накталай — 300 сом, накталай эмес — 250 сом.
«ВИП» вагону:
- Чоңдор үчүн: накталай — 1000 сом, накталай эмес — 800 сом;
- Балдар үчүн: накталай — 500 сом, накталай эмес — 400 сом.
«ВИП-купе» вагону:
- Накталай — 7200 сом, накталай эмес — 6000 сом.
Жол кире акысы отурган жана түшкөн бекетке көз каранды эмес.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом