БШКнын жыйындарын онлайн өткөрүүгө уруксат берүүнү сунушташууда

19.05.2026 | 14:19

Кыргызстанда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Мыйзам долбоорунун негизги пункттарынын бири — БШК мүчөлөрүнө жыйындарга видеобайланыш аркылуу катышууга уруксат берүү. Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары демилгелеген.

Маалымкат-негиздемеде айтылгандай, бул комиссиянын айрым мүчөлөрү жыйынга жеке келе албай калган учурларда дагы иштин үзгүлтүксүз жүрүшүн камсыз кылуу үчүн керек. Бийлик мындай формат мамлекеттик органдардын ишинин заманбап стандарттарына туура келерин жана чечимдерди ылдамыраак кабыл алууга шарт түзөрүн белгилөөдө.

Мындан тышкары, мыйзам долбоору менен шайлоо округдарынын схемалары жана чек араларынын мөөнөтүн 10 жылдан 5 жылга чейин кыскартуу сунушталууда. Муну Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо беш жылда бир өтөрү менен түшүндүрүшүүдө.

Ошондой эле депутаттар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруу жетекчилерин шайлоого байланыштуу эскирген нормаларды мыйзамдан алып салууну сунуштап жатышат. Анткени азыр алар шайланбастан, акимдер тарабынан дайындалат.

Документте терминологияны дагы жаңылоо каралган. Мисалы, «ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар» деген сөз айкашынын ордуна «майыптыгы бар адамдар» деген түшүнүктү колдонуу сунушталууда. Бул мыйзамды эл аралык нормаларга жана Кыргызстандын азыркы мыйзамдарына шайкеш келтирүү үчүн жасалууда.

Дагы бир өзгөртүү шайлоо системасына байланыштуу. Азыр шайлоолор партиялык тизме эмес, мажоритардык система менен өтүп жаткандыктан, мыйзамдан «талапкерлердин тизмеси» деген терминди алып салуу сунушталууда.

Мындан тышкары, депутаттар мыйзамдагы айрым техникалык нормаларды жөнөкөйлөтүп, технологиялар өнүккөн сайын кайра-кайра өзгөртүү киргизүүнүн зарылдыгын азайтууну көздөшүүдө.

Scroll to Top