Министрлер кабинети «Бишкек башкы архитектура» муниципалдык ишканасын Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин карамагына кайтаруу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
«Бул чечим архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга бирдиктүү мамилени камсыз кылат, ошондой эле бул чөйрөдө борбордук жана жергиликтүү бийлик органдарынын ортосундагы аракеттерди координациялоону жакшыртууга мүмкүндүк берет», — деп билдирет өкмөт.
Буга чейин «Бишкек башкы архитектура» Бишкек мэриясынын карамагында болгон.