Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Бишкек бийлиги жумушсуздарды кесипке үйрөтүүгө акча бөлөт
23.02.2023 | 23:50
Бишкек шаарындагы жумушсуздарды кесипке үйрөтүүгө 3,6 млн сом жумшалат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталы жарыялады. Cынакты Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы жарыялаган.
Жумушсуздарды төмөнкү багыттар боюнча окутуу пландалууда:
- кеңсе ишин билген менежердин жардамчысы,
- компьютерди кесипкөй колдонуучу,
- ARCHICAD программасында архитектуралык дизайн,
- AUTOCAD программасында дизайн,
- графикалык дизайнер:
- брендинг, COREL DRAW, ADOBE негизиндеги жарнама индустриясы
- PHOTOSHOP программалары,
- бухгалтердик эсеп (IFRS) + 1С : ИШКАНА,
- “В” жана “С” категорияларынын айдоочулары,
- англис тили + (elementary жана intermediate) окутулат.
Сынактын катышуучусунун жумушсуз жарандарды окутууда үч жылдан кем эмес иш тажрыйбасы, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан берилген билим берүү ишин жүргүзүү укугунун лицензиясы, окуу процессин ишке ашыруу үчүн шарттар, билим берүү тармагында көзөмөлдүк стандарттар болушу керек (лицензияга тиркемелер).
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом