Бүгүн, 1-ноябрдан тарта Бишкек шаарында жол кире кымбаттады. Троллейбус менен автобус 11 сомдон, маршруттук каттамдар 15 сомго көтөрүлдү. Мындай чечимди Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары 28-сентябрда кабыл алган.
Буга күйүүчү майдын кымбатташы себеп болуп жатканын жүйө келтиришкен.
Буга чейин троллейбус менен автобус 8 сомдон, маршруттук каттамдар 10 сомдон болчу.