«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
Жогорку Кеңеш Максат Асаналиевди УКМКнын төрагасы кызматына дайындоого макулдук берди
02.09.2026 | 11:45

Жогорку Кеңеш Максат Асаналиевди башкы прокурор кызматынан бошотууга жана аны УКМКнын төрагасы кызматына дайындоого макулдук берди. Мындай чечим бүгүн, 2-сентябрда парламенттин жыйынында бир добуштан кабыл алынды.
Ага чейин бул маселени Жогорку Кеңештин Сот-укуктук маселелер, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети караган. Депутаттар комитеттин чечимин колдошту.
Максат Асаналиев 30-июнда башкы прокурор кызматынан кетүү тууралуу арыз берген. Андан кийин ал УКМКнын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
Асаналиев кеткенден кийин башкы прокурордун милдетин анын биринчи орун басары Малик Бектурганов убактылуу аткарып келген.
Теги: Жогорку Кенеш