Бишкек: Ок атуу боюнча чемпионат жыйынтыкталды

Бишкек: Ок атуу боюнча чемпионат жыйынтыкталды

18-март күнү  ИИМдин “Динамо” спорт комплексинде башталган республикалык ок атуу боюнча 3 күндүк чемпионат жыйынтыкталды. Бул туурасында Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, чемпионатка катышкан 15 команда граната ыргытуу, “Калашников” жана “Макаров” куралдары менен ок атуу ошондой эле биатлон спортунун түрлөрү боюнча күч сынашып, жыйнытыгында татыктуулар тандалды.

Катышуучулардын көрсөткүчүн эсептөө менен байгелүү орундардын ээлери аныкталып, 1-орунду ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полку, 2-орунду Жол кыймылын камсыздоо кызматынын башкы башкармалыгы жана 3-орунду ИИМдин Ички аскерлер курама командасы жеңип алды. Жеңүүчүлөр кубок, диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Андан сырткары кызматтык көп түрдүүлүк боюнча жеке жетишкендиктери үчүн 31 жаштан жогорку жана 30 жашка чейинки курактагы айымдар, ошондой эле 41 жаштан жогорку жана 40 жашка чейинки эркектер арасында алдыңкы 3 орун сыйлыкка татыды. Андан сырткары, “Макаров” тапанчасынан, “Калашников” автоматынан жана майда калибрдүү мылтыктан ок атуу боюнча аялдар жана эркектер арасында жеке жетишкендиктери үчүн медалдар менен сыйланышты.

Сыйлык тапшыруу салтанатына Кадрлар башкы башкармалыгынын жетекчисинин у.м.а. милициянын подполковниги Алишер Барпиев, Кадрлар башкы башкармалыгынын кесиптик даярдоо жана дене тарбия башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Мамадалы Шакиров жана “Динамо” спорт комплексинин жетекчиси Төрөкул Мадалиев катышты.

Эске салсак, чемпионат 15-мартта ИИМдин “Динамо” спорт комплексинде башталган.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>