“Бишкек» эркин экономикалык аймагында мыйзамсыз иштеп жаткан майнинг-ферма аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы (Финпол) кабарлайт.
6-август күнү Финполдун кызматкерлери соттун чечими менен криптовалюта чыгарат делген күмөндүү жайды тинтүүгө алышкан.
Айтылган жайдан криптовалюта өндүрүүчү жабдуулар орнотулган майнинг-системалар табылган.
Азыркы тапта бул мыйзамсыз ишке жол берген жана катыштыгы бар адамдарды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүп жаткандыгы айтылат Финполдун маалыматында.