15-сентябрь: айрым аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйтБул жакка эч кимди киргизишчү эмес! «Бишкек-Аренадагы» VIP-ложанын алгачкы кадрларыКыргызстан менен БУУ коопсуздук, тынчтык орнотуу багытындагы кызматташтыкты тереңдететСадыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен баратЖаратылыш ресурстары министрлиги калдыктарды кайра иштетүүчүлөрдүн реестрин түзүп, лицензиялоо иштерин жүргүзүүдөБул күндү бүткүл дүйнөнүн жаштары күткөн!
Бишкек: Көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, андан бир аял каза тапты
26.02.2022 | 10:50
Бишкек шаарынын 3-кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу үйдүн биринен 3-кабатынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, өрттү өчүрүүгө саат 07:50дө куткаруучу бир бөлүм тартылган. Өрт 08:18де чектөөгө алынып, өрт саат 08:45те толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен 1 аял киши (аты-жөнү такталууда) каза болгон.
КР ӨКМ ЭСКЕРТЕТ: Көп кабаттуу үйлөрдө түтүндөн коргоочу автономдуу детекторлорду жана биринчи өрт өчүрүүчү шаймандардын орнотуу зарыл.
Кырсык болгон учурда 101 жана 112 номуру аркылуу куткаруу кызматына дароо чалыңыз.


Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар