Мыйзамсыз курал менен аңчылык кылгандар кармалды

Мыйзамсыз курал менен аңчылык кылгандар кармалды

23-февраль күнү Түп милициясына  белгисиз адамдар райондун борборунун четиндеги талаада мыйзамсыз ок атуучу курал менен аңчылык кылып жатканы билдирилген. Бул туурасында Ысык-Көл милициясынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, аталган факты райондук милициянын маалымат электрондук журналына катталып, аны текшерүү үчүн окуя болгон жерге милиция кызматкерлери жиберилген.

Текшерүү учурунда, аталган жерде аңчылык кылып жаткан эки жаран аныкталган. Алар Түп айылынын 31 жаштагы С.К. жана А.А. болуп чыгып, алардан сайлуу «ТОЗ-8» жана 12-калибрдеги сайсыз ок атуучу куралдар, ошондой эле 17 даана ок-дарысы табылып алынган. Андан кийинки текшерүү иштеринин жүрүшүндө, сайлуу мылтык ички иштер органдарында катталбагандыгы аныкталган.

Аталган факт Түп милициясы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 267 (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) беренеси менен кылмыш иши козголуп, соттук-баллистикалык экспертиза дайындалды.

Тергөө иштери уланууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>