Бишкек көркөм гимнастика боюнча Азия чемпионатынын аренасына айланат

11.05.2026 | 13:55

2026-жылдын 23-майынан 26-майына чейин Бишкекте көркөм гимнастика боюнча өспүрүмдөр арасында 21-Азия чемпионаты жана чоңдор арасында 17-Азия чемпионаты өтөт.

КР Гимнастика федерациясынын президенти Евгения Быковская белгилегендей, бул мелдештер Нагоя шаарында өтө турган 2026-жылкы Азия оюндарына тандоо этабы болуп саналат.

Ал ошондой эле чемпионаттын логотиби менен тумарын (маскотун) мелдештин демөөрчүсү — «Бигсер» компаниясы иштеп чыкканын кошумчалады.

Быковскаянын айтымында, турнирге Кытай, Япония, Казакстан жана Өзбекстанды кошкондо, жалпысынан 18 өлкөдөн 180ге жакын эң күчтүү спортчу кыз чогулат. Көрүүчүлөр континенттин алдыңкы спортчуларынын өнөрлөрүнө жана сезондогу лидерлик үчүн болгон курч күрөшкө күбө болушат.

Билеттер келерки аптада Kassir.kg сайтында сатыкка чыгат.

Scroll to Top