Орусиядан Кыргызстанга импорттолгон күйүүчү майдын баасы өстү

11.05.2026 | 14:37

Орусиядан Кыргызстанга ташылып келген күйүүчү-майлоочу майдын баасы кымбаттады. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков өзүнүн фейсбук баракчасына жазып, өлкөдөгү майдын кымбатташы боюнча түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, Жакынкы Чыгыштагы кырдаал дүйнөлүк рынокто газ жана күйүүчү майдын баасынын өсүшүнө алып келип, анын таасири Кыргызстанга да тийүүдө. Атап айтканда, Орусиядан өлкөгө импорттолгон АИ-92 бензининин бир тоннасынын баасы 650 доллардан 950 долларга чейин көтөрүлгөн. Ал эми дизель отунунун тоннасы 700 доллардан 1200 долларга чейин кымбаттаган.

Орунбеков кошуна айрым жарандар коңшу Казакстандагы баалар төмөн экенин айтып, салыштырып жатышканын билдирип, аны аталган өлкөдө мунай ресурстарынын бар экендиги жана мамлекеттик субсидиялоо саясаты менен түшүндүрдү.

Ошондой эле ал учурда Кыргызстанда мунай өндүрүү жана кайра иштетүү багытында иштер жүрүп жатканын маалымдады.

“Учурда «Кыргызнефтегаз» жана «Жунда» нефть кайра иштетүүчү заводдорунда модернизация иштери кызуу жүрүп жатат. Бул заводдор жаңылангандан кийин евростандартка жооп берген сапаттуу күйүүчү май өндүрүлө баштайт”,- деп билдирди ал.

Эске салсак, буга чейин да Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов Жакынкы Чыгыштагы абалга байланыштуу дүйнөлүк рынокто Brent маркасындагы мунайдын баасы кескин көтөрүлүп, 1,7–1,8 эсеге өскөнүн билдирген. Ал ошондой эле бул өзгөрүүлөр Кыргызстанга да сөзсүз таасирин тийгизерин айткан.

Scroll to Top