Бишкек: Күйүүчү майдын баасы дагы көтөрүлдү

Бишкек: Күйүүчү майдын баасы дагы көтөрүлдү

Бүгүн, 25-январь саат 10:40ка карата Бишкек шаарындагы ири май куюучу жайлардын расмий сайттарынын маалыматы боюнча АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы орточо эсеп менен 0,43%га кымбаттады.

Бишкектеги май куюучу жайларда АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин орточо баасы 58,95 сомго (+0,25 сомго, 0,43%га) көтөрүлдү. Ал эми дизель майынын орточо баасы 59 сомго (+0,25 сомго, 0,43%га) жогорулаган, суюлтулган газ 35,2 сомду түзүүдө.

АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин эң төмөнкү баасы 58,5 сом, жогорку октандуу АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 63,9 сом. “Газпром нефть” ишканасы АИ-98 үлгүсүндөгү бензиндин литрин 73,5 сомдон сунуштап жатат.

Дизель майынын минималдуу баасы 58,5 сомду түзөт. Суюлтулган мунай газы эки түйүн тарабынан сунушталат:

Bishkek Petroleum — 34,9 сом (Бишкек жана Чүй облусунда үч май куюучу жай)

Газпром нефть — 35,5 сом (Бишкектеги үч май куюучу жай).

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>