Бишкек: «Кыял» базарынан өрт чыкты

 Бишкек: «Кыял» базарынан өрт чыкты

Базардагы бут кийим оңдоочу жай, 17 даана кийим тигүүчү машиналар, идиш аяктар, суусундук сатуучу 17 даана темир контейнерлер ( повильон) жана темир устундуу желим менен жабылган өтмөктөрдүн чатырлары күйгөн. Ошондой эле эки чач тарачтын пластик терезеси жана аба муздаткычы ээриген. Жалпы аянты болжол менен 100 чарчы метрди түзөт.

Өрт өчүрүү кызматы саат 4:33тө отту чектөөгө алып, 05:27де толук өчүрүлдү.

Кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>