Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Шайлоо-2021: БШК COVID-19дан коргонууга 15 млн сом коротот
30.09.2021 | 09:53
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында жазылды.
Жалпысынан АШКнын мүчөлөрүн шайлоодо жеке коргонуу каражаттары менен камсыздоо бюджетке 7 миллион 279 миң сомду түзөт. Бул акчага төмөнкү буюмдарды сатып алуу пландалууда:
- 951 миң сомго 63,4 миң маска-респиратор, ар бири 15 сом.
- 2,8 миллион сомго 8 миң комбинезон, ар бири 350 сом.
- 3 миллион 528 миң сомго 126 миң жуп кол кап, бир жуп үчүн 28 сом.
Мындан тышкары, БШК 7,8 миллион сомго шайлоочулар үчүн дезинфекциялоочу каражаттарды, салфеткаларды жана беткаптарды сатып алат.
Эске салсак, 28-ноябрда өлкөдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт.