Бишкек: Мектепке такыр барбаган балага мэрия жардам берет

Бишкек: Мектепке такыр барбаган балага мэрия жардам берет

Бишкек шаарында мектепке такыр бара элек 9 жаштагы баланын документтерин бүтүрүүгө мэрия көмөк көрсөтөт. Бул тууралуу мэриядан билдирди.

Мэриянын маалыматына караганда, Биринчи май райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн кызматкерлери №14 МАБдын социалдык адиси менен биргеликте өспүрүм баланын жашаган жерине барышты. Бала таекесинин үйүндө жашагандыгы белгилүү болду.

Таекесинин айтымында, баланын энеси Жети-Өгүз районунун Чоң Кызыл-Суу айылында жашайт. Атасы Жети-Өгүздүн Барскоон айылынан болот.
Ал 2014-жылдан бери жээнин багып келет. 2021-жылы баланын атасы аны мектепке киргизүү максатында Ысык-Көл облусуна алып кеткен. Бирок бала Чолпон-Ата шаарындагы реабилитациялык борборго түшкөнү белгилүү болгон. Кийинчерээк ал жерден аялы экөө жээнин алып кетишкен.

Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок, ал эми тууганынын убактылуу паспорту жок болгондуктан, камкордукка алуу мүмкүн болгон эмес. Демек, жакындары буга чейин бир дагы мамлекеттик мекемеге кайрылышкан эмес”, — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле баланын таякеси 2021-жылдан бери Бишкектин Биринчи май районунда жашап жатканын түшүндүрдү. Баланын тиешелүү документтерин тариздөө жана аны жалпы билим берүүчү мектепке жайгаштыруу боюнча маселелерди чечүү максатында материалдар Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май райондук администрациясынын Балдар иштери боюнча комиссиясынын кароосуна жиберилди.

Буга чейин Reporter.kg Бишкекте мектепке такыр барбаган бала жардамга муктаж болуп жатканы боюнча жазып чыккан болчу.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>